ОшТУда мектеп жетекчилери, мугалимдер, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери менен Zoom платформасы аркылуу онлайн талкуу болуп өттү

Ош технологиялык университети жана гуманитардык-технологиялык колледжинин уюштуруусу менен мектеп жетекчилери жана мугалимдер менен вебинарда онлайн жолугушуп, аралыктан окутууну уюштуруудагы айрым учурларды талкууга алышты. Талкууда билим берүүдө өз ара карым-катышты күчөтүү, усулдук жактан тажрыйба алмашуу, аралыктан окутуу технологиялары боюнча жардамдашуу маселелери каралды, алдыңкы тажрыйбалардан бөлүшүү боюнча ой-пикирлер, сунуштар айтылды.
Мектеп жетекчилери аралыктан окутуудагы көйгөйлөр менен катар эле окуу жылынын аяктоосуна жакын калганын, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бүтүрүүчүлөр менен алардын ата-энелерин кесип тандоо жана окуу жайларга тапшыруу маселелери түйшөлтүп жатканын билдиришти. Окуу жайдын кабыл алуу комиссиясы тарабынан окуу жай жана адистиктер, окуу процесси, окуу үчүн төлөмдөр жана материалдык-техникалык база тууралуу маалыматтар менен тааныштырышты. Ошондой эле алдыда боло турган абитуриенттерди кабыл алуу жараянындагы күтүлгөн жаңылыктар, кабыл алуу тартиби жана жол-жоболору боюнча кеңири түшүндүрмө жасады.
Онлайн талкууга Ош облустундагы Араван, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунун жана Ош шаарынын мектептеринин директорлору, оокуучулар жана ата-энелер катышышты. Катышуучулар талкуу пайдалуу болгондугун, керектүү маалыматтарды алышкандыгын баса белгилешти. Жыйынтыгында окуу жай менен мектептердин ортосунда окутулуп жаткан программалар боюнча усулдук көмөктөшүү максатында жакынкы күндөргө орток иш-чара уюштуруу пландалды.
Эскерте кетсек Ош технологиялык университети аймактардагы бардык мектептер менен ушул сыяктуу жолугушууларды өткөрүп, кызматташтыкта иш алып баруу үчүн бир топ иш-пландарды иштеп чыгып, аталган пландардын негизинде иштер жүргүзүлүүдө.