ОшТУ азык-түлүккө муктаж жарандардын бирдиктүү тизмесин түзүүгө көмөктөшүүдө

Ош технологиялык университетинин ыктыярчы кызматкерлери Ош шаарынын № 6 “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине көмөктөшүп, азык-түлүккө муктаж жарандардын бирдиктүү тизмесин түзүүгө көмөктөшүүдө. Башкача айтканда Коронавирус (COVID-19) пандемиясынын жайылышына байланыштуу карантинде отуруп, азык-түлүккө муктаж болгон жарандардын арыздарын республикалык электрондук базага киргизүү иштерин талыкпай жүргүзүшүүдө. Азыркы учурда университеттин кызматкерлери 2500дөн ашуун жарандардын арыздарын электрондук форматка которуп “Түндүк” бирдиктүү маалыматтык тутумга ийгиликтүү катташты. Кызматкерлерибизге терең ыраазычылык билдиребиз.

Ыктыярчы кызматкерлер:

“Чет тилдер” кафедрасынын ага окутуучусу
Кадырбердиева Бусалима Матазовна

“Архитектура, дизайн жана графика” кафедрасынын окуу устаты Шамшидин уулу Дайырбек

“Экономика жана башкаруу” факультетинин методисти Меңдиева Нургуль Кочкоровна

“Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу” кафедрасынын ага окутуучусу Адиева Гулзина Мамытбековна

“Байланыш тармактары жана телекоммуникация системалары” кафедрасынын магистр, ага окутуучусу
Матисаков Жоомарт Кубатбаевич

“Энергетика” факультетинин методисти Каримова Нурзида Абдыкадыровна

“Автоунаа жана тейлөө технологиясы” факультетинин сырттан окуу бөлүмүнүн методисти Дуйшеева Нуржан Аскаровна

“Автоунаа жана тейлөө технологиясы” факультетинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн методисти Кедейбаева Максат Арстаналиевна

“Информатика” кафедрасынын ага окутуучусу
Абдыракманова Касиет Токтогуловна

“Информатика” кафедрасынын ага окутуучусу
Асанова Сонунбубу Омурзаковна

«Физика жана энергетикалык машина куруу» кафедрасынын лаборанты
Маралов Омурбек Салимович

Гуманитардык-технологиялык колледжинин окуу катчысы
Жоробекова Айнагул Эрмековна

“Экономика” кафедрасынын башчысы
Баатыров Залкарбек Карабаевич

“Автоунаа” кафедрасынын башчысы
Абдиматов Улан Исаевич

“Автоунаа” кафедрасынын окутуучусу
Капаров Сейит Абдиллажанович

“Автоунаа” кафедрасынын окутуучусу
Маматкадырова Бурулай Муратовна