Ош технологиялык университети “Мыкты санарип-сабак” сынагын жарыялайт!

Жарыя!
2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата Ош технологиялык университети “Билим берүүдөгү санарип технологиялары” иш чараларынын алкагында аралыктан окутуу боюнча “Мыкты санарип-сабак” аттуу онлайн жана видео сабактардын тандоо СЫНАГЫН жарыялайт.
Сынак 2020-жылдын 2-апрелинен тарта 30-апрелге чейин өткөрүлөт. Сынакка аралыктан билим берүү боюнча эмгектенип жаткан ОшТУнун бардык окутуучулары катыша алат. Сынактын жеңүүчүлөрү атайын жобонун негизинде аныкталат. Жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.
Уюштуруу комитети

#ОшТУ
#санарип
#видео-сабак
#конкурс