Институттун ата-энелер комитети окуу процессинин жүргүзүлүүсү боюнча байланышка чыкты

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда окуп жаткан студенттердин ата-энелери негизги кызыктар тараптары катары балдарынын сапаттуу билим алуусун жана ийгиликтүү болуусун каалашат. Бүгүн, окуу жайдын ата-энелер комитетинин төрагасы Тагаев Тургунбай балдардын келечегине кызыгып Zoom платформасы аркылуу окуу жайдын администрациясы менен байланышка чыгып, окуу процессинин жүрүүсү, алардын онлайндан билим алуусу тууралуу баарлашты. Өзүнүн кеңештерин жана сунуштарын да берди, жалпы эмгек жамаатка ыраазычылыгын билдирди.