Өзгөн институтунда конок лекцияны онлайн режимде АКШдан Н.Ө. Атабаев өттү

Бүгүн, тажрыйба алмашуу жана билим берүүнү жакшыртуу, билим сапатты жогорулатуу максатында белгилүү илимпоз, АКШдагы Пенсильвания университетинде (University of Pennsylvania) илимий-изилдөө программасы боюнча эмгектенип жүргөн, белгилүү илимпоз, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Атабаев Нурлан Өзгөнович Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунун студенттерине жана жаш изилдөөчүлөрүнө эл аралык билим берүү, окуу китептери, окуу-усулдук комплекстерди түзүүнүн жаңы ыкмалары жана аларды колдонуу туурасында конок лекция өттү. Лекцияда билим алуудагы көрсөткүчтөр, студенттердин билим алуусундагы компетенциялардын калыптануусу, чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы билим алуудагы мүмкүнчүлүктөрдүн бирдейдиги жана башка ушул сыяктуу суроо-жооптор, эркин маектер менен коштолду. Окуу жайда онлайн режиминде бул сыяктуу конок лекциялар баардык адистиктер боюнча уюштурула баштады.
Маалымат үчүн: Н.Ө. Атабаев Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Бизнести башкаруу магистратурасынын директору болуп эмгектенет. Учурда илимий-изилдөө программасы боюнча Пенсильвания университетинде (University of Pennsylvania) эмгектенет.