Сыйлык кут болсун!

Ош технологиялык университетинин Магистратура бөлүмүнүн башчысы филология илимдеринин доктору, профессор, Россия Федерациясынын Табият таануу академиясынын мүчө-корреспонденти Атакулова Мерим Абдыкеримовна көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана илимий-изилдөө иштериндеги жетишкендиктери үчүн Россия Федерациясынын Табият таануу академиясынын Академиги болуп шайланды, Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Эмгек сиңирген кызматкери” ардактуу наамы менен  жана  “Улуу Екатерина” ордени менен сыйланды.