Студенттер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде Гуманитардык-технологиялык   колледжинин студенттеринин арасында футбол оюну боюнча спорттук мелдеш өттү. Аталган иш чара Гуманитардык-технологиялык   колледжинин Жаштар комитети тарабынан студенттердин ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун өркүндөтүү максатында уюштурулду. Спорттук мелдешке колледждин студенттеринен түзүлгөн командалар катышты. «Жаштарды спортко тартуу менен алардын ден соолугунун бекемдигине жана бош убактысын туура пайдаланууга үндөй алабыз. Ошондой эле спорт – достуктун, биримдиктин булагы, студенттер бири-бири менен жакындан таанышып, достук мамиле курууга жол ачылат», – дейт уюштуруучулар. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчууларга  баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды.