Студенттер аралыктан билим алууда

Мен Кубатбекова Нурзада Кубанычбековна Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин Социалдык иштер (СР-19) адистигинде биринчи курста бюджеттик негизде билим алам жана тайпанын старостасымын. Учурда Ала-Бука районунда Өрүктү айылында ата-энемдин, бир туугандарымдын жанындамын. Өлкөбүздөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу окууларыбызды үзгүлтүккө учуратпай, аралыктан билим алып жатамын жана башка бирге окуган группалаштарымды да аралыктан билим алууга үндөп жатам. Аралыктан билим алуунун Zoom конференциясы аркылуу окутуучулар менен байланыш түзүп, окутуучулар сабактарды видео сабак аркылуу өтүп беришүүдө. Учурдан пайдаланып окутуучуларыбызга ыраазычылык билдиребиз. Учурда биринчи рейтингдерди онлайн аркылуу тапшырып, окууга болгон аракетибиз күч. Баарыңыздардан суранаарым, кырдаалга карап шылтоолоп отурбастан аралыктан билим алууга баарыңыздарды чакырам. Анткени билимдүү адам гана дүйнөнү башкара алат. Азыр биз 21-кылымда санариптештирүү доорундагы адамдарбыз, уба́ктыбызды бекерге коротпойлу.