«Санариптик көндүмдөр жана мүмкүнчүлүктөр» долбоорунун алкагында жолугушуу болуп өттү

Бишкек шаарында   Проон жана Россия Федерациясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын санариптик  шарттарында жаштарды иш менен камсыз кылуу үчүн «Санариптик көндүмдөр жана мүмкүнчүлүктөр» долбоорунун алкагында жолугушуу болуп өттү.  Жолугушуунун максаты – жаңы билим берүү стандарттарын жана  иш пландарын иштеп чыгуу болуп саналат. Бул жолугушууга   Билим берүү жана илим министрлиги жана пилоттук жогорку окуу жайлар, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Ош технологиялык университетинин  окуу иштер боюнча проректору Матисаков Ж.К., Сырткы байланыштар  жана өнүгүү боюнча проректору Аттокуров У.Т., Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы Азимова А.А., Байланыш тармактары жана телекоммуникация системалары кафедрасынын башчысы Мойдунов Тайрь Төлөнович, Информатика, программалоо жана байланыш  кафедрасынын  башчысы Арзыбаева М.А. катышышты.