ОшТУда стол тенниси боюнча мелдеш өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде стол тенниси боюнча I лиганын  клубдар  аралык  мелдеши  өткөрүлүп, мелдешке Түштүк аймагынын эң мыкты аталган  ОшТУ – Розалина, Ардагерлер, Виктория,  А.Орозбеков, ЮиРС жана ОшМУ командалары катышты. Мелдеш 3турдан  өтүп, жыйынтыгында 1-орунду ОшТУ – Розалина, 2-орунду Ардагерлер, ал эми 3-орунду Виктория командалары камсыз кылышып,  баалуу белектерге ээ болушту.

Мелдештин экинчи күнүндө оюнга Өзбекстан Республикасынын 2 курама командасы, Ош шаарынын жана Баткен облусунун мыкты командалары катышышты. Мелдеш өтө жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында 1-орунду Андижон командасы, 2-орунду Андижон давлат командасы ал эми 3-орунду Ош шаарынын фаворит командалары камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө, мыкты оюнчууларга  баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды.