ОшТУда медициналык бет каптар тигиле баштады

Вирустук инфекциялардын тарашын алдын алуу үчүн, анын ичинде коронавирустун жайылуу коркунучунан улам Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин «Кийимдин технологиясы жана дизайны» кафедрасынын тигүү лабораториясында медициналык бет каптар тигиле баштады. Тигүү лабораториясы күнүнө 500 даана стандартка төп келген бет капты  чыгарууда. Университеттин кызматкерлери медициналык бет каптар менен камсыздалып жатат. Учурда окуу жайда  дезинфекциялоо, санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат.