ОшТУда дезинфекциялоо иштери башталды

Ош технологиялык  университетинде жана ОшТУнун студенттер үйүндө коронавирусту алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери башталды. Дезинфекциялоочу адистер сууга кошулмасы бар даары-дармекти окуу жайдын жана жатакананын ичине, бөлмөлөрүнө, айнек-терезелерине, айланасына, дааратканаларына чачышты. Ушундай санитардык тазалоо иштери мындан ары тез-тез жүргүзүлмөкчү. Окуу жай жана студенттер үйү 3 жумалык карантинге  жабылып, студенттер мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгарылды.