ОшТУ ЖОЖдор менен кызматташуусун улантууда

Ош технологиялык университетине Ташкент мамлекеттик техникалык университетинин Энергетика факультетинин деканы т.и.д., профессор Ташов Жавохир Буриевич университеттер аралык түзүлгөн келишимдин негизинде жумушчу сапары менен келди. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр болду, жолугушуулар уюштурулду. Жолугушуунун максаты Ош технологиялык университетинин жана Энергетика факультетинин лабораториялык базалары менен таанышуу, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки факультеттин ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү, аспиранттарды даярдоо жана жаңы 2020-2021 окуу жылынан баштап 2+2 форматында окуу процессин ишке ашыруу болуп саналат.