ОшТУ Erasmus + программасынын алкагындагы “ELBA” долбоорун утуп алды

Ош технологиялык университети  Erasmus + программасынын “ELBA” конкурстук  долбоорун дагы бир ирэт утуп алды. Кызматташууну жана билим берүү  программасын өнүктүрүү  максатында “ELBA” долбоору өз ишин баштады. 2020-жылдын 26-29-февраль күндөрү Ош технологиялык университетинин ректору профессор Абдыкадыр Абидов, окуу иштери боюнча проректору доцент Жумакадыр Матисаков жана сырткы байланыштар жана өнүгүү иштери боюнча проректору, профессор  Урмат Аттокуровдор Испаниянын Сантьяго-де-Компостела шаарында  болуп өткөн  “ELBA” долбоорунун координациялык жолугушуусуна катышып келишти. “ELBA” долбооруна Кыргызстандын И.Разаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети  жана М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети катышууда. Бул долбоордун каржылоосу менен Ош технологиялык университетине 2020-жылдын апрель, май айларында  23 512 евро каражатына  “Окуу изилдөө борборун түзүү жана   “BIG DATA” интеллектуалдык анализинин курстарын иштеп чыгуу” борбору түзүлүп,  окуу жайдын кызматкерлери жана студенттери чет өлкөлөрдө (Словакия, Италия, Испания) тренингдерден өтүшөт.

Долбоордун мөөнөтү үч жылга созулуп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан,  Словакия, Испания жана Италия мамлекеттеринин жогорку окуу жайлары катышууда.