ОшТУ Балтика мамлекеттик техникалык «ВОЕНМЕХ» университети менен кызматташууда

М.М. Адышев атындагы Ош  технологиялык университетине  Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Д.Ф. Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык «ВОЕНМЕХ» университети  университеттер аралык  түзүлгөн  келишимдин негизинде жумушчу сапары менен келип, жумушчу сапардын алкагында Ош технологиялык университетинин ректору профессор Абдыкадыр Абидов менен жолугушуп, окуу жай менен кенен таанышып чыгышты. Жолугушууга Д.Ф. Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык «ВОЕНМЕХ» университетинин ректору Иванов Константин Михайлович, Балтика мамлекеттик техникалык «ВОЕНМЕХ» университетинин окуу иштери боюнча биринчи проректору Бородавкин Вячеслав Александрович,  Ректордун жардамчысы  Киреев Олег Леонидович, Кыргыз Республикасынын Россия кызматташтыгынын жетекчисинин орун басары Алексеев Василий Николаевич, Ош технологиялык университетинин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышышты, аталган  окуу жай менен кызматташуунун жолдору талкууланып, жол картасы түзүлдү. Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы.