ОшТУ айымдар арасында волейбол боюнча мелдеште биринчи болушту

Ош шаарындагы Түштүк аймактык жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган, 8-март- Аялдардын Эл аралык күнүнө карата аялдар арасында волейбол мелдеши болуп өттү.
Жалпысынан волейбол боюнча мелдешке 28 команда катышты. Алардын 18си мекеме-ишканалар, 10ну жогорку жана орто окуу жайлар. Мелдешке Ош технологиялык университетинин аялдар командасы катышып, 1-орунду алышты. Бул мелдештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө ошондой эле шаардыктардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелет.
Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.