Бүгүн мамлекеттик Туу күнү белгиленди

Бүгүн  эрте менен Ош технологиялык университетинде  окуу жайдын студенттери жана жалпы мугалимдери катышкан чоң салтанат өттү. 3-март– Кыргыз мамлекетинин кырмызы кызыл  Туусунун күнү белгиленип, алгач гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын жана Ош технологиялык университетинин  желеги көтөрүлдү. Университеттин ректору, профессор Абдыкадыр Абидов окуу жайдын жалпы эмгек жамаатын, студенттерин бүгүнкү мамлекеттик Туу күнү менен куттуктады.