Өзгөн институту көчөт отургузууну баштады

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун ар бир окутуучусу быйылкы жазды утурлап, жашылдандырууну колго алуу менен 60 даана дайыма жашыл болуп туруучу ийне жалбырактуу туя көчөтүн окуу жайдын аймагына отургузушту. Албетте бул таза аба, табиятка болгон камкордук, салым болуп саналат.
Айтмакчы, Кыргызстандын жалпы аянтынын 6-7%ын гана көп жылдык бак дарак ээлейт.