Ош технологиялык университети РФнын жана ПРООНдун долбоорлорунун байкоочу кеңештеринин биргелешкен жыйынынын өкүлдөрүн кабыл алды

Ош технологиялык университетине «Россия Федерациясынын – ПРООНду өнүктүрүү максатындагы» трастылык фондунун жана ПРООНдун Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун алкагында Россия Федерациясынын жана ПРООНдун долбоорлорун ишке ашырууда байкоочу кеңештеринин биргелешкен жыйынынын мүчөлөрүнүн өкүлдөрү келишти. Аталган иш-чарада окуу жайдын технологиялык паркынын жана финансылык сабаттуулук борборунун илимий жетишкендиктери көрсөтүлүп, борбордун аткарган иштери тууралуу маалымат берилди. Жолугушууга Ош технологиялык университетинин жетекчилиги жана кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Омуров Нурлан Кубатович, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, JIZ эл аралык уюму, Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы, Ош шаарындагы ишкерлерди колдоо борбору, Бириккен улуттар уюмунун Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш чаранын негизги максаты болуп «Кыргыз Республикасынын Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү», «Кыргыз Республикасында санариптик экономика шартында жаштардын эмгек менен камсыз кылынышы үчүн санарииптик көндүмдөр жана мүмкүнчүлүктөр» долбоорлорун ишке ашырууну жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана улуттук өнөктөштөр менен иш-аракеттердин макулдашылышын камсыз кылуу болуп саналат.