Сыйлык кут болсун!

Ош технологиялык университетинин корей тил мугалими Ким Бу Гил Кыргызстанда корей тили жана корей маданиятын жайылтууда салым кошкондугу үчүн Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланды.

Эскерте кетсек, Ким Бу Гил агай 2011-жылдан баштап Ош технологиялык университетинде корей тил мугалими катары эмгектенип келет. Ошондой эле 2013-жылы Ош технологиялык университетинде Ош 1-Сежоң корей тил институтун түптөп, бүгүнкү күндө бул институт Кыргызстанда корей тилин жана корей маданиятын эң жогорку деңгээлде үйрөтүүчү эң мыкты окуу жайга айланды.