ОшТУнун студенттери «Алтын үн» сынагынан финалга өтүштү

Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан  кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салым кошуу, улуттар аралык достукту бекемдөө, өнөрлүү, инсандардын искусствого болгон кызыгуусун жандандыруу максатында өткөрүлүп жаткан «Алтын үн» кароо-сынагына катышып жаткан Ош технологиялык университетинин студенттери Бегалы Капаров жана Элзат Нурумбетовалар финалга жолдомо алышты.