ОшТУнун студенттер үйүндө «Жатакана кечеси» болуп өттү

Ош технологиялык университетинин Студенттер үйүнүн  студенттеринин  жыл сайын өткөрүлүүчү салтка айланган  «Жатакана кечеси» болуп өттү. Салтанаттуу бул иш чарага  жаткананын бардык студенттери жана кызматкерлери катышты. Алгач аларды ОшТУнун студенттер үйүнүн директору Жусубалиев Сардар кызуу куттуктап, окууларына жана иштерине ийгиликтерди каалады. Андан ары таланттуу студенттердин аткаруусунда мукамдуу музыка менен жагымдуу ырлар жаңырып, майрамдык маанай өкүм сүрдү. Алардын кубанычын тең бөлүшкөн ОшТУнун  Жаштар комитети куттуктоо айтып, майрамдык каалоолорун билдиришти.  Көтөрүңкү маанайда уланган аземде активдүү студенттер Ардак грамоталар сыйланды.