ОшТУга 41 жаштагы илимпоз проректор болуп келди

Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору кызматына техника илиминин кандидаты, доцент Матисаков Жумакадыр Кубатбаевич келди. Бүгүн  ОшТУнун  ректору профессор Абдыкадыр Абидов Жумакадыр Кубатбаевичти окуу жайдын Окумуштуу кеңешине тааныштырды. Буга чейин Ж.Матисаков Колдонмо информатика кафедрасынын  башчысы  болуп  эмгектенип келген. Жумакадыр Кубатбаевич учурда 41 жашта.