ОшТУда жаштардын баңги зат колдонуусун алдын алуу максатындагы иш чара өттү

Ош технологиялык университетинде баңги заттарды колдонбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын  Адистештирилген-окутуу бажысынын   жетекчиси подполковник Жээнбеков Нурбек Бекенович окуу жайдын студенттери менен жолугушту.Аталган жолугушууда студенттерге видео роликтер көрсөтүлүп, наркотикалардын түрлөрү жана зыяны тууралуу кенен  маалыматтар  берилип, наркотикалык  заттардан  алыс  болуп  жүрүүнү  эскертти. Бул иш чаранын негизги максаты баңги заттарды колдонгон  адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жаштарга туура жол көрсөтүү болуп эсептелет.