ОшТУда Парламенттик дебат турнири болуп өттү

Ош технологиялык университетинде  «Студенттик акыйкатчы» аппараты тарабынан студенттердин конституциялык, академиялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуу, студенттердин  оратордук  сөз  чеберчилигин  өстүрүү, сапаттуу билим алууга багыттоо, парламенттик дебатты ойноого үйрөтүү жана студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулган Парламенттик  дебат  турнири  болуп өттү. Аталган иш чарага жалпысынан 16 команда катышып, 3 команда жеңишке жетишти.

Биринчи орунду – «Тайфун» командасы, Жумабаев Адилет жана Нурумбетова Элзат

Экинчи орунду – «Багыт» командасы Мамасалы уулу Нурмухаммед жана Топчубаев Максатали

Үчүнчү  орунду – «Система» командасы, Кубаныч уулу Сыймык жана Нурбек  уулу  Таласбек  камсыз кылышып,  уюштуруу тобу тарабынан  кубок, диплом жана баалуу белектер  менен  сыйланышты.