ОшТУда “Мырза жигит” сынагы болуп өттү

25-февраль күнү Ош технологиялык университетинде “ОшТУ  мырзасы 2020” жигиттер сынагы болуп, жалпысынан тогуз  жигит күч сынашышты. Аталган  иш чара  Жаштар комитети  тарабынан  жаштарды  коомдук иштерге аралаштыруу, студенттердин достук мамилесин чыңдоо,  интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, көрүүчүлөрдүн маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында  уюштурулду.  Жыйынтыгында биринчи орунду  Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин мырзасы Айтбаев Дастан ээлеп, “ОшТУ Мырзасы” аталса, экинчи орунду Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин мырзасы Мамат уулу Турдукул, ал эми үчүнчү орунду Гуманитардык-технологиялык   колледжинин мырзасы Разаков Бекмырза ээледи жана Энергетика факультетинин мырзасы Алибек уулу Субанбек «ОшТУ инстаграм мырзасы» номинациясы менен сыйланып, жеңүүчүлөр окуу жайдын жетекчилиги тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.