ОшТУда “Кыргызстандын экономикасын кантип өнүктүрүү керек” аталышындагы окуучуларынын арасында сынак болуп өттү

Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгына ылайык жарыяланган  2020-жыл – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин “Бухгалтердик эсеп жана аудит” кафедрасы тарабынан 9-11 класстардын окуучуларынын арасында “Кыргызстандын экономикасын кантип өнүктүрүү керек” аталышындагы сынак болуп өттү. Бул сынакка жалпысынан 50 окуучудан аталган тема боюнча баяндама, дилбаян, эссе, презентация тушуп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 ОшТУнун диплому

I даражадагы диплом :

Тынчтык к Изабелла (3000с акчалай сыйлык)

II даражадагы диплом :

Ражапова Мээримгул(2000с акчалай сыйлык)

III даражадагы диплом

Саттаров Акниет (1000с акчалай сыйлык)

ОшТУнун ардак грамотасы

  1. Бабаева Рано (баалуу сыйлык)
  2. Боронбаев Тойчубек (баалуу сыйлык)
  3. Токтогулов Нурик (баалуу сыйлык)

Экономика жана башкаруу факультетинин Ардак грамотасы:

  1. Рашит кызы Жибек (баалуу сыйлык )
  2. Мукумова Гулбурак (баалуу сыйлык )
  3. Темурбаева Жылдыз (баалуу сыйлык )

Калган эссенин катышуучуларына сертификаттар берилди