ОшТУда илимий-инновациялык ишмердүүлүк боюнча семинар болуп өттү

Ош  технологиялык  университетинде 2020-жылдын  29-30-31-январь күндөрү  окуу жайдын Технопаркы  жана Илим бөлүмү  тарабынан жаш окутуучулардын, магистранттардын, аспиранттардын жана  изилденүүчүлөрдүн  илимий  квалификациясын  жогорулатуу  максатында   атайын семинар  өткөрүлдү.  Аталган  иш    чарага  70тен  ашуун  окутуучулар  катышты. Семинардын  жүрүшүндө  долбоордук  ишмердүүлүк,  ойлоп  табуучулук  жана  илимий  эмгектерди  жарыялоо усулдарына үйрөтүү  боюнча лекциялар окулду. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар  берилди.