ОшТУда Эл аралык Эне тил күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн Ош технологиялык университетинде 21-февраль Эл аралык Эне тил майрамы салтанаттуу белгиленди. Майрамдык салтанатты окуу жайдын Мамлекеттик тил кафедрасы уюштуруп, окуу жайдын жетекчилиги, студенттер жана окутуучулар катышты. Иш чаранын жүрүшүндө ар улуттун маданияты, каада-салты, үрп-адаттары элге тартууланып, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, майрам жогорку деңгээлде өттү.