ОшТУ волейбол боюнча чемпион болду

2020-жыл “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды  колдоо  жылынын” алкагында  вице-спикер Аида Касымалиеванын демилгеси жана Кыргыз волейбол федерациясынын президенти Элмырза Сатыбалдиевдин колдоосу менен Ош шаарында  волейбол боюнча Кыргызстандын кайрымдуулук чемпионаты өткөрүлүп, мелдешке Ош технологиялык университетинин аялдар курама командасы, саясатчылар, мугалимдер,  дарыгерлер, юристтер, экономисттер, журналисттер жана ишкер  айымдар  катышты. Иш-чаранынын максаты 15-февраль – рак илдетине  чалдыккан  балдардын  бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата “Өмүр үчүн ойнойбуз!” урааны менен Кыргызстандын аялдарынын ынтымагын бекемдөө,  биримдикте бири-бирин колдоосун арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу аркылуу рак илдети менен ооруп жаткан 12 жаштагы Темирбекова Айжамалдын операциясы үчүн керектелүүчү акча каражатын чогултуу болуп  саналат.Аталган оюнда Ош технологиялык университетинин аялдар курама командасы биринчи орунду камсыз кылышып, чемпион болушту.