ОшТУ «Студенттер балдар үчүн» деген боорукердик иш чарасын уюштурду

Ош технологиялык университетинин ЗЧС-18 тайпасынын студенти Топчубаев Максатали жетектеген «Ыктыярчылар» тобу Ош шаарынын Боорукердик үйүнө барып, кабар алып келишти. Студенттер аталган иш чаранын алкагында ошол жерде жашап жаткан карылар менен жылуу маек курушуп,  жаш  балдарга  жагымдуу белектерди тапшырып келишти. Мындан  сырткары,  ОшТУнун таланттуу студенттери балдар менен ар кандай оюндарды ойношуп, ырдашып, бийлешип, аларга агалык-эжелик мээримдерин көрсөтүп кайтышты.