ОшТУ «Кыргыз Унаа Курулуш» ЖЧК менен жолугушуу өткөрдү

Ош технологиялык университетине Ош шаарынын Южный кичи районундагы  «Кыргыз Унаа  Курулуш»  жоопкерчилиги  чектелген коомунун өкүлдөрү келишип, Ош технологиялык  университетинин  ректору профессор Абдыкадыр Абидов менен жолугушуу болуп, окуу жай менен кенен таанышып  чыгышты.  Машина куруу ишканасы  окуу  жайдын окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда Ossberger жана Pelton гидро түтүктөрү, генераторлордун ар кандай түрлөрү, электромобилдер жана жумушка орношуу боюнча суроо жооптор болду. Иш  чаранын жүрүшүндө студенттерди  практакаларга, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоого мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Мындан ары окуу жай аталган ишкана  менен тыгыз иш  алып  бармакчы. Эскерте кетсек, окуу жайдын  «Физика жана энергетикалык машина куруу» кафедрасы  «Машина куруу» жана эксперименталдык «Энергетикалык машина куруу» багытындагы  бакалаврларды  даярдайт.