Өзгөн технология жана билим берүү институтунда сырттан окуган студенттерге мастер класс уюшулду

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунун орто кесиптик билим берүү программасы боюнча даярдалып жаткан экономика жана бухгалтердик эсеп, финансыадистигинин сырттан окуу бөлүмүнүн студенттерине азыр банк тармагында эмгектенип жаткан, институттун мурда бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөрү – Ө.Жалилов жана У.Жумабаев “Банк системасы, активдер, накталай эмес төлөмдөр, насыялар жана депозиттер, төлөм карталары, банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, финансы тармагындагы заманбап технологиялар, микрокаржылоо сектору, микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган институттардын ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базалар туурасында мастер класс өтүштү. Студенттер абдан кызыктуу иш чара болгондугун белгилешти.