Өзгөн технология жана билим берүү институтунда эл аралык эне тил күнүнө арналган фестивал өттү

Ош технологиялык университетинин Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы Өзгөн районунун прокуратурасы, Өзгөн райондук борборлоштурулган китепкана, Кыргыз Республикасынын  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Өзгөн райондук өкүлчүлүгү менен биргеликте эл аралык Эне тил күнүнө арналган фестивал өткөрдү. Фестивалды утурлай ар түрдүү тилде жаңыдан жарык көргөн адабияттардын китеп көргөзмөсү уюшулуп, окуу үчүн окурмандарга сунушталды. Андан кийин эне тил күнүн белгилөөнүн маданий иш чарасы лингвистикалык көп түрдүүлүккө жана көп тилдеги билим берүүгө дем берип кызыктырууменен уланды. Студенттер тарабынан кыргыз, орус, англис жана өзбек тилдеринде чыгармалардан үзүндү коюлуп, улуттук бийлер аткарылып, элдик каада салттар көрсөтүлдү. Бул майрамда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Б. Алайчиев: “Катышуучуларды майрам менен куттуктап, өлкөбүздө элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоодо тең салмактуу жана натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү өнүгүүбүзгө өбөлгө болоорун” – айтып, алдыдагы милдеттерге да токтолуп өттү. Тил жана маданий салттар жөнүндөгү бул иш чарага Өзгөн районунун сотунун төрагасы У.Ш. Шаматов, Өзгөн районунун прокурору А.Аттокур уулу,  Өзгөн райондук бириккен аскер комиссариатынын жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, райондогу китепкананын  китепканачылары, аталган институттун окутуучулары, студенттери жана райондогу жаштар катышышты.