ОшТУнун студенттери президенттик «Үмүт» стипендиясынын ээлери болушту

Ош  технологиялык   университетинин студенттери  Нурумбетова Элзат ДО-16 тайпасынан,   Дженыш кызы Алтынай президенттик «Үмүт» стипендиясынын ээлери болушту. Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мамлекеттеги жогорку окуу жайлардын мыкты студенттерине  50000 сом өлчөмүндө   бир жолу берилет. Бул стипендиянын ээси  болгон студенттер  окууда жана окуу жайдын коомдук иштеринде мыкты  ийгиликтерди  жаратып,  мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттер  болуп  саналат.