ОшТУнун ректору проф. А.О.Абидов Равшандын жазган катындагы кыялын орундатты

Жаӊы жылды утурлай  Аяз атага кат жазган  балдардын арасынан «Боорукердик» үй-интернатынын жашоочусу ОшТУнун ректорунан саат белек кылуусун суранган. Бүгүн Ош технологиялык университетинин  ректору, профессор Абдыкадыр Абидов Ош шаарындагы «Боорукердик» үй-интернатынын жашоочусу Сибгатуллин Равшан  Анварович менен жолугушуп, жазган  катындагы кыялын орундатып, саат белек кылды. Жолугушууда Абдыкадыр Абидов Равшандын окууларына ийгилик каалап, баалуу белектерди ыйгарды.

Равшандын ректорубузга жазган каты:

«Саламатсызбы Абдыкадыр агай? Мен сизди ОшТУнун жетекчиси деп билем. Мен дагы ушундай чоӊ университетте окушту каалайм. Сиз менен биз жаӊы жылды бирге тоскубуз келет.Сизге ден соолук каалайбыз. Мен Сибгатуллин Равшан сизден саат белек каалайм.Рахмат.»