ОшТУнун окумуштуусу мамлекеттик сыйлыкка татыды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин  өнүктүрүүгө  олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн  Ош технологиялык университетинин Кибернетика жана  маалымат технологиялар факультетинин  Маалымат технологиялары жана башкаруу кафедрасынын   башчысы, физика-математика илиминин доктору ИТиУ, профессор, Сатыбаев Абдыганы Джунусовичке  “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери” деген ардактуу наамды  тапшырды.