ОшТУнун эмгек жамааты “Талдык” кышкы эс алуу базасында

25-январь күнү Ош технологиялык университетинин ректораты жана профсоюз уюму университеттин жалпы эмгек жамааты үчүн Ош облусунун  Алай районуна караштуу  “Талдык”  лыжа-базасында “Кыш-2020” маданий-спорттук эс алуу күнүн уюштурду.Эс алууга барышкан 100дөн ашуун окутуучуларга уюштуруучулар тарабынан акысыз тамак-аштар берилип, оюн-зооктор өткөрүлдү.Маданий-спорттук эс алуу күнү өтө жогорку деӊгээлде өттү.