ОшТУнун Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда “ПАРЛАМЕНТАРИЗМ САБАКТАРЫ” көрсөтүүсү тартылды

Бүгүн, Өзгөн шаарында М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынын “Парламентаризм сабактары” көрсөтүүсү болуп, анда жөлөк пул жана майыптыгы үчүн көрсөтүлгөн жардамдар туурасында маселелер талкууланды. Көрсөтүүгө КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаттары У.З.Ормонов, К.Т.Зулушов, А.А.Аскаровалар жана Өзгөн районунун жергиликтүү калкы катышты.

Орчундуу маселени аймактарда айыл калкы менен талкуулагандыгы үчүн, эл өкүлдөрүнө  өзгөндүктөр терең ыраазычылыгын билдиришти.

Көрсөтүүнү Ибраим Нуракун уулу алып барды.