ОшТУда «STEAM-21-кылымдын жөндөмдөрүн өнүктүрүү» долбоорунун алкагында семинар болуп жатат

Ош технологиялык университетинде «STEAM-21-кылымдын жөндөмдөрүн  өнүктүрүү» долбоорунун  алкагында семинар болуп  жатат. Бул  долбоор  АКШнын  Кыргызстандагы  элчилиги  тарабынан  каржыланып, «YOUTH of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып,  окуу  жайдын  окутуучулары  катышууда.  Аталган семинарды  «STEAM-21-кылымдын  жөндөмдөрүн  өнүктүрүү» долбоорунун  координатору  Алимжан  кызы  Төрайым  жана “РобоСкай” жоопкерчилиги чектелген коомунун мугалими Сүйүнбаев Нуржигит өтүүдө. Иш чара  аталган  долбоордун  жардамы  менен  ОшТУнун окутуучуларына робот техникасынын негизги  принциптери  боюнча тренинг өткөрүү жана окутуу аркылуу ОшТУнун студенттеринин роботторду проектирлөө, конструктурлоо  жана  программалоо  жөндөмдөрүн  өнүктүрүү  максатында  уюштурулуп  жатат.