ОшТУда спорттун «волейбол» түрү боюнча мелдеш өттү

Ош технологиялык университетинин  профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин,  факультеттер жана структуралык бөлүмдөр  арасында   XIX спартакиадасы өткөрүлүп жатат,  жалпысынан  мелдешке  сегиз курама команда  катышты. Бүгүнкү эркектер арасында волейбол боюнча өткөрүлгөн  турнирде академик Б.Мурзубраимов  атындагы Өзгөн технологиялык жана   билим   берүү   инстититутунун  агайлар  курамы  командасы  биринчи орунду,  Табигый-техникалык  факультетинин  курама командасы  экинчи орунду,  ал эми  Архитектура жана курулуш факультетинин  курама  командасы  үчүнчү  орунду  камсыздашты.