ОшТУда «Сарамжалдуулук-бакубат жашоонун тиреги» аттуу темада Эссе конкурсу өткөрүлдү

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин  Экономика жана башкаруу факультетинин «Экономика жана финансы» кафедрасы тарабынан мектеп жана лицей окуучулары  арасында  «Сарамжалдуулук-бакубат жашоонун  тиреги» аттуу темада  Эссе конкурсу өткөрүлүп, конкурска Гапар Айтиев  атындагы орто мектеби, Жолон Мамытов атындагы орто мектеби жана  Курманжан Датка атындагы орто мектебинин 9-10-11-классынын окуучулары катышышты. Аталган  иш чара 2016-2020-жылдары  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  жана Улуттук Банктын калктын финансылык сабаттулугун жогорулатуу Программасын аткаруу максатында уюштурулду. Жыйынтыгында Жолон Мамытов атындагы орто мектебинин окуучусу Аманбаева Миргүл биринчи орунду, Курманжан Датка атындагы орто мектебинин окуучусу Кожомберди кызы Зуура экинчи орунду ал эми Ж.Мамытов атындагы орто мектебинин окуучусу Баргыбаева Акмарал үчүнчү орунду камсыз кылышты. Байгелүү  орундарды камсыз кылган окуучуларга уюштуруучулар тарабынан акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.