ОшТУда окутуучу-профессор жана кызматчылардын ортосундагы факультеттер аралык ХIXспартакиада болуп өттү

М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде 13-21-январь күндөрү профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин,  факультеттер жана структуралык бөлүмдөр  арасында  XIX спартакиада  өткөрүлүп,  жалпысынан  мелдешке  тогуз  курама  команда  катышты. Иш-чаранын негизги максаты окутуучу-профессор жана кызматчылардын ден соолугун чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүнө үгүттөө,  кесиптештер арасындагы ынтымакты бекемдөө, дене тарбия жана спортту жайылтуу максатында  Дене тарбия, ДТжАЧД  кафедрасы  жана «Намыс» спорт  клубу  тарабынан уюштурулду. Аталган иш-чара  спорттун  улуттук  жана  классикалык  алты  түрүнөн  өткөрүлүп,  ар бир   түрүнөн  мыкты  командалар  күч сынашышты.

Жыйынтыгында  биринчи  орун –  Гуманитардык-технологиялык   колледжи-10000сом  акчалай  сыйлык  менен,  экинчи орун – Автоунаа  факультети 6000 сом акчалай  сыйлык  менен  ал эми үчүнчү орун – Табигый-техникалык  факультети  4000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.