ОшТУда «Мамлекеттик органдардагы каржылоо жана финансылык отчеттуулук» боюнча үч күндүк семинар болуп өттү

2020-жылдын 14-16-январь кундөрү ОшТУнун Экономика жана башкаруу факультетинде  «Мамлекеттик органдардагы каржылоо жана финансылык  отчеттуулук»  аттуу  үч  күндүк семинар болуп өттү.Семинарды бюджеттик чөйрөдөгү бухгалтердик эсеп боюнча көп жылдык  практикалык тажрыйбасы бар,  э.и.д., профессор, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Инженердик  экономикалык  факультетинин  деканы  Бексултанов Азисбек Абдилкариевич өттү. Семинарга ОшТУнун Экономика жана башкаруу факультетинин «Бухгалтердик эсеп жана аудит», «Экономика жана финансы» кафедраларынын, ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин «Экономика» кафедрасынын  жана ОшМУнун, ЖАМУнун  экономика багыты боюнча кафедраларынын окутуучулары катышышты. Семинарда бүгүнкү кездеги бюджеттик чөйрөдөгү каржылоо маселелери жана эсепти жүргүзүүдөгү өзгөрүүлөр, отчеттуулукту түзүү тартиби жөнүндө кеңири маалымат берилип, практикалык мисалдар жана кызыктуу оюндар менен коштолуп кызыктуу өттү.Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификат берилди.Белгилеп кетчү нерсе,  факультетте мындай семинар жыл сайын январь айында өлкөбүздөгү белгилүү окумуштууларды чакыруу менен өтөт. Семинардын алкагында чакырылган тренер ОшТУнун Экономика жана башкаруу факультетинин  «Бухгалтердик эсеп жана аудит», «Экономика жана финансы» кафедраларынын окутуучулары жана факультеттин деканы менен дагы жолугушуу өткөрүп, илимий жаатта изилдөөчүлөргө көмөктөшө турганын, о.э. экономика багытында окуу-методикалык, илимий жана мобилдүүлүк боюнча кызматташууну күчөтүү тууралу  сунуштарын айтты.