ОшТУда IV илимий сессия жыйынтыкталды

Ош технологиялык университетинде илимий-изилдөө  лабораториялардын,  кафедралардын  жана факультеттердин 2019-жылдагы илимий ишмердүүлүктөрүнүн жетишкендиктерин  жана  келечектеги  милдеттерин  талкуулоого  арналган IV илимий сессия  14-24-январь  күндөрү  өткөрүлдү. Илимий сессиянын негизги максаты- илимий-изилдөө лабораторияларда, кафедраларда, факультеттерде аткарылган илимий-изилдөө иштерди, илимий  жетишкендиктерди  анализдөө жана баа берүү.
Илимий сессияны илим жана инновация боюнча проректору, профессор Б.Н.Шамшиев ачып, сессиянын иштөө тартиби  менен тааныштырды. Сессияда илим-изилдөө лабораториялардын, кафедралардын, факультеттердин   2019-жылдагы  илимий-изилдөө иштеринин  аткарылышы каралды жана келечектеги  негизги приоритеттүү илимий багыттары талкууланды.