ОшТУнун студенттери “Алтын үн” кароо-сынагынын I этабынан ийгиликтүү өтүштү

Ош  шаарында  “Алтын үн”  сынагы  жарыяланды. Анын  жеңүүчүсү  100 000 сом  утат.  Маалыматка   ылайык,   аталган   кароо-сынак   кыргыздын  маданиятынын  өнүгүшүнө  салым  кошуу, улуттар аралык достукту  бекемдөө,  өнөрлүү,  инсандардын искусствого болгон кызыгуусун  жандандыруу  максатында Ош шаардык  мэриясы  жана Ош шаардык  маданият  башкармалыгы  тарабынан  өткөрүлүп  жатат. Бул кароо-сынактын  I этабы — 18-декабрда  Ош  шаарынын  “Кыргызстан”  таетрында  өткөрүлүп, сынакка  Ош  технологиялык  университетинин  студенттери  катышып,  ПГС-1-17   тайпасынын  студенти   Бегалы  Капаров  жана   ДО-16  тайпасынын  студенти Нурумбетова Элзат  I этаптан ийгиликтүү   өтүштү.