ОшТУнун мектеп-лицейинде Брейн-Ринг интеллектуалдык акыл таймашы болуп өттү

Ош  технологиялык   университетинин  мектеп-лицейинде  8-9-10-11- класстар арасында  Брейн-Ринг интеллектуалдык  акыл таймашы болуп өттү.  Оюн 3 тур менен өткөрүлүп,  Чыңгыз  Айтматов боюнча суроолор берилди. Оюнга жалпысынан 5 команда катышып, эң мыктылар   аныкталды.  Иш чараны окуу жайдын мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты  мугалими  Орозбекова  Ырысгүл  балдарга залкар жазуучу  Ч.Айтматовду тереңдетип таанытуу, анын эмгектерин баалап, чыгармаларына кызыгуу менен мамиле жасоо максатында  уюштурду.  Жыйынтыгында,   1-орунду  11-класс, 2-орунду 8-класс ал эми, 3-орунду  9а-классы камсыздап, жеңүүчүлөргө  дипломдор жана кызыктыруучу  белектер  таршырылды.