ОшТУнун мектеп-лицейи жаңы жыл майрамын белгиледи

Бүгүн  26-декабрь  күнү  Ош  технологиялык  университетинин  мектеп -лицейинде  «Жаңы   жылдык  бал – 2020»  кечеси  болуп өттү. Жаңы   жылдык  кечеде окуучулар тарабынан даярдалган кызыктуу оюн-зооктор, ыр, бийлер жана жагымдуу концерттик  программалар тартууланып,  катышуучуларга  жагымдуу  маанай   тартуулашты.Окуучулардын маданий эстетикалык эс алуусун камсыздоо максатында бул саамалык жыл сайын уюштурулат.