ОшТУнун бүтүрүүчүсү мамлекеттик сыйлыкка ээ болду

Ош технологиялык университетинин  Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин «Өзгөчө кырдаалдарда коргоо» адистигинин бүтүрүүчүсү,  Ош шаардык Жаштар комитетинин төрагасы Берхмаматов Иззат Холмахаматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Кыргыз Республикасынын Ч.Т.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты» наамынын “Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн» номинациясы менен сыйланды.