ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда энергетиктердин жумалыгы болуп өттү

16-декабрдан бери Ош технологиялык университетинин  академик Б.Мурзубраимов атындагы  Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда электр менен камсыздоо адистигинин окутуучулары, студенттери  тарабынан  энергетиктердин  жумалыгы  болуп өттү. Жумалыкта студенттердин ата-энелери үчүн ачык сабактар уюшулуп,  кесипке  багыт берүү  боюнча  иш  берүүчүлөр  менен  студенттердин  тегерек  столу болду   жана  конок-лекциялар өтүлдү.  Студенттер  тарабынан  майрамдык   маданий  иш  чара жогорку  деңгээлде  белгиленди. Окуудагы мыкты жетишкен студенттер жана үзүрлүү эмгектенген окутуучулар  Ардак  грамоталар  менен  сыйланышты.